Орусияда 3 күндүк издөөдөн кийин көлмөгө чөгүп кеткен кыргызстандыктардын сөөгү табылды

Орусияда 3 күндүк издөөдөн кийин көлмөгө чөгүп кеткен кыргызстандыктардын сөөгү табылды. Бул тууралуу 2-июнда КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, элчиликке Т.Р. аттуу Кыргызстандын жараны кайрылып, Чертанов көлмөсүнө 1984-жылы туулган А.Б. менен 1984-жылы туулган Ш.Т. чөгүп кеткенин айткан. Белгилүү болгондой, алар аталган көлмөнүн жээгинде спирт ичимдиктерин ичип отурушуп, түнкү саат 03:00 чамасында А.Р. көлмөнү сүзүп өтүү үчүн сууга секирген. Бирок сууга түшкөндө эле чөгө баштаган. Аны издөө үчүн артынан Ш.Т. секирип, ал дагы суу алдына кирип кеткен.

Соттук-медициналык экспертиза "көлмө терең болбогондуктан, алар сууга секиргенде омурткасын же мойнун сындырып алышы мүмкүн" деген тыянак чыгарышкан. Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги Москвадагы ӨКМ менен биргеликте издөө иштерин жүргүзүшкөн. 3 күндөн кийин алардын сөөгү табылган.

Мындан улам элчилик Кыргызстандын жарандарына эс алуу учурунда, мас абалында болгон кезде бейтааныш жерлерде же агымы күчтүү болгон сууларга түшпөөгө чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
askat1985
2014-06-02 16:23:50
баары арактын айынан
+7
Majit1975
2014-06-02 18:48:27
Же оздору тушуп кеткен же бироо туртуп жиберген ал жерде колмо кичинекей эле
0
bishkek.kg
2014-06-03 04:36:22
Majit1975, балким ))))
0
aikol87
2014-06-02 22:38:48
Алыс жерде жургондон кийин тынч журолучу.
+1
Narynbek
2014-06-02 23:22:51
баары ичкиликтин кесепети.Алыс жерде жүргөндөн кийин тынч эле жүрсө болмок.
+2
kg-zzzzz
2014-06-03 00:40:48
тунку саат 3:00до суу суук болотта алар секиргенден кийин сууктан тарамышы туйулуп калып чогуп кетсе керек.
+2
mikeno
2014-06-03 11:35:58
Ото окунучтуу. Кыргызда кеп бар коп баскан аяк, бок басат - деген. Ботон жерде, ботон элде жургондон кийин этият болуш керек да. Баардыгы арактын айынан.
+1
baiyshvip
2014-06-03 20:02:26
Мындай анкоолорго ырас эле болот!!!тобо кылдымго!!
0
aza.kg007
2014-06-03 23:59:43
арты кайрлуу болсун!
0
demo009
2014-06-04 01:09:00
жай келди үйдө жаталбайсын кысылганыңан жаратылышка барып эс алып келейли десе керек да,бирок арагы жок эле барса болмок.
0
upol92
2014-06-04 01:22:18
Кудайым сактасын. Былтыр биздин дагы бир акебиз ушундай болуп чогуп кеткен. Жаткан жерлери жайлуу болсун.

Биз чомулгонго болбойт!!!!!!! Деген жерлерге деле барып чомуло беребиз, эртенкисин ойлобой эле...
Аркасында канчалаган адамдар ыйлап калып калат.
Ажалга айло жок.....
0
Nuriss
2014-06-04 06:52:40
Арактын айынанго
0
mega.boorsok
2014-06-04 08:38:40
алар ал жака эмнеге барышкан арак ичкени эс алганыбы же иштегениби акча тапканыбы
?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан