Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын бюджетин колдоо иретинде 22 миллион доллар бөлөт. Маалымат бүгүн, 2-июнда ЖКнын Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында айтылды. Бөлүнгөн акча "Инвестициялык климатты жакшыртуу" программасына жумшала турганын экономика министринин орун басары Санжар Муканбетов билдирди.
2012-жылы аталган банк өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу максатында 20 миллион доллар бөлгөнү айтылды.