Бишкекте "бет кап кийип жарандарды күч колдонуп тоноп жүргөн" деген шек менен 7 жаран кармалды

"Бишкекте бет кап кийип жарандарды күч колдонуп тоноп жүргөн" деген шек менен 7 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-июнда билдирди.

Ушул жылдын 19-майында Бишкектеги Купянская көчөсүндө жайгашкан үйгө бет кап кийген куралчан белгисиз адамдар кирип келишкен. Алар үйдүн ээсин жана жубайын байлап, жашы жете элек кызын өзүнчө бөлмөгө камап салышкан. Кийин үй ээсин тапанча жана бычак менен коркутуп, уюлдук телефондорун жана 5000 доллар акчасын алып кетишкен.

Ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 23 жаштагы Мирлан, 22 жаштагы Жалал-Абад облусунун Нурлан, 31 жаштагы Нурмат, Талас облусунун 22 жаштагы Урмат, Нарын облусунун 23 жаштагы Белек, 20 жаштагы Эламан, Ош облусунун Эрлан аттуу жарандары кармалган. Учурда алар №1-СИЗОго камакка алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ACAH_AKA
2014-06-02 17:17:07
Рас болуптур жакшылап сабак берип койуш керек да омур бою эсинен кеткис кылып
0
Dadin
2014-06-02 17:25:34
Булар турмодон кийин кандай адам болуп чыгышат.
0
saltanat.
2014-06-02 17:34:42
Жалаң страшный немелер го. Жашабай жатып, уурулук кылып...
0
sema.
2014-06-02 18:02:09
bardyk oblastan bar go.
+1
shutUP
2014-06-02 18:38:39
ХХХ, дени аман-эсен туруп кылган иштерин!
ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2014-06-02 18:57:00
shutUP - эскертүү!
Порталдын эрежелери баардыгы үчүн бирдей, кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого жол берилбейт.
-1
admin_portal
2014-06-02 18:57:36
gooool - 3 күнгө БАН!
Провокацияга жол жок!
0
zhanarbek80
2014-06-02 20:03:22
беткабын бетинен чыкпай турган кылып тигип койуш керек мындайларды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан