Депутаттар комитетте Бишкек, Ош шаарларына видеокамераларды орнотуу демилгесин жактырышты

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде бүгүн, 2-июнда Бишкек жана Ош шаар тургундарынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. 

Демилгечилердин бири Өмүрбек Текебаевдин айтымында, бул мыйзам долбоору 2005-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган, бирок "каражат тартыш" деген шылтоо менен кол коюлбай кайра кайтарылгандыктан, азыр кайра киргизилип жатат. Мыйзам долбооруна ылайык, ордо калаанын бардык мекемелери менен ишкаканаларына видеобайкоо жабдууларын орнотуу милдеттендирилет. Видеобайкоо жабдуулары ошол мекеме жайгашкан жерде сырткы көзөмөл жүргүзүү үчүн пайдаланылат.

Видеобайкоо жабдууларын орнотуу мамлекеттик мекемелер үчүн республикалык бюджеттен, муниципалдык мекемелер үчүн жергиликтүү бюджеттен каржыланмакчы. Ал эми жеке менчик ишканалар өз каражатынын эсебинен орнотот. “Алдын ала эсептөөлөргө караганда, Бишкек шаарына 19 миллион сом, Ош шаарына 8 миллион сом талап кылынат. Кылмыш иши болгон жерде видеого тартылып алынган тасмаларды укук коргоо органдарынын кызматкерлери сурап алууга акылуу. Бул чаралар ишке ашырылып калса, Бишкек менен Ошто кылмыш иштеринин эки эсеге чейин кыскаруусу күтүлөт”,- дейт Текебаев.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов мыйзам долбоорун колдоо менен бирге ИИМ “Коопсуз шаар” долбоорун иштеп чыкканын билдирди. “Бул мыйзам долбоорлору менен “Коопсуз шаар” долбоору бири-бирин толуктайт деген ойдобуз. Видеобайкоо жабдууларынын жардамы менен бир катар кылмыштардын бети ачылып жатат. Ага мисалдар арбын”,- деп кошумчалады Асанов.

Мыйзам долбоорун биринчи окууда Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан