Ысык-Ата районундагы жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, учурда жол кырсыгы боюнча атайын экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Айта кетсек, 30-май күнү саат 18:23 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 13-чакырымында Хундай үлгүсүндөгү унаа менен Ауди 100 унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен кырсык болгон жерде 7 адам, ооруканада 2 адам каза болгон.