Жайыл районунда жоголду делген 11 жашар өспүрүм табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, 30-май күнү милиция кызматкерлерине жергиликтүү тургун кайрылган. Анда ал 29-май күнү саат 11:00 чамасында 11 жашар баласы үйүнөн чыгып кетип, ошол бойдон кайтып келбегенин айткан. Бул боюнча издөө иш-чаралары жүрүп, милиция кызматкерлери тарабынан бала табылды. Учурда ал ата-энесине өткөрүлүп берилди.