Өкмөт: Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча элге кеңири масштабда түшүндүрүү иштери башталды

Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кириши боюнча элге кеңири масштабда түшүндүрүү кампаниясы башталды. Муну бүгүн, 2-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Иш-чаранын максаты - Кыргызстандын аталган биримдиктерге кириши боюнча туура маалымат жеткирүү. Анда элге өлкөнүн Бажы биримдигине кирүүдөгү жол картасы тааныштырылат, бардык облустан делегаттар катышкан кеңири масштабдагы коомдук угуулар өтөт, жарандардын кызыктырган суроолоруна ыкчам жооп берүү үчүн байланыш борбору түзүлмөкчү.
Ошондой эле тема боюнча тегерек стол, конференция өтүп, аларга жарандык коомдун өкүлдөрү, ишкерлер, профсоюз уюмдарынын кызматкерлери катышып, маселенин оң жана терс жактарын талкуулашат. 
Бажы биримдигине кирүү боюнча облус активдери менен көчмө жолугушуулар өтөт жана маселе боюнча видеоролик, китепче, теле жана радиоберүүлөр даярдалары айтылды. 
Өкмөт Бажы биримдигине кирүү маселесин талкуулоодо жарандык коомду активдүү болууга чакырды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан