Жантөрө Сатыбалдиев: "Канчалык сын-пикир айтылбасын, "Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясын" кабыл алышыбыз керек"
"Кыргызстанды 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүү стратегиясын" ишке ашырууга толук мүмкүн. Бул пикирди КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Анын айтымында, энергетика тармагындагы реформалар, Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу иштери башталып, аягына чыга турганын билдирди. Ошондой эле тоо-кен тармагы боюнча бир катар алтын кендери ишке кирүү алдында турат. Мындан сырткары да бир катар ири долбоорлор бар экенин кошумчалады. "Бир жыл мурун ушул стратегиянын долбоорун баштап жатканда, качан кабыл алынат болду экен деген күтүү бар эле. Мына бүгүн ошол күнгө жеттик, ыраазы болуп турам. Канчалык сын-пикирлер айтылганына караабай бул стратегияны кабыл алышыбыз керек. Баары жакшы боло турганына үмүтүм зор",- деди өкмөт башчы.