Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Түркияга учуп кетти. 3-июнда өлкө башчы Түркиянын президенти Абдулла Гүл жана премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушмакчы. Маалыматка таянсак, жолугушуулардан кийин Алмазбек Атамбаев эки өлкө ортосундагы Стратегиялык кызматташтыктын жогорку кеңешинин 3-жыйынына катышмакчы, бир катар макулдашууларга кол коюлушу күтүлөт.
Ал эми 5-июнда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 4-саммитине катышат.