Жалал-Абад облусунда бир түндө эки жерге чагылган түштү. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, биринчиси Сузак районунда орун алды. 1-июндан 2-июнга караган түнү саат 22:25 чамасында Көк-Арт айыл аймагына караштуу Комсомол айылындагы иштебей турган жеке менчик тегирменге чагылган түшкөн.
Экинчи чагылган ошол эле түнү саат 22:30 чамасында Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Ак-Тоок айылындагы жарандын үйүнө түшкөн.
Айыл аймактардын жана Райондук жарандык коргонуу комиссиялары түзүлүп, тактоо иштери жүрүп жатат. Алдын ала алынган маалымат боюнча, адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.