Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде бүгүн, 2-июнда бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору каралып, парламенттин кароосуна жөнөтүлдү.
Кыргызстан менен "Ислам" өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Баткен облусунун Арка районунун электр камсыздоосун жакшыртуу" долбоорун каржылоо тууралуу насыялык макулдашуу шарттарына ылайык, эл аралык каржы уюму 18 миллион доллар насыя берет. Насыя 0,75 пайыз үстөгү менен 30 жылдык мөөнөткө берилип жатат. Төлөмсүз мөөнөтү – 10 жыл.
Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, алынган каражат Баткен облусундагы Арка өрөөнүнө Кыргызстандын аймагынан 110 кВт чыңалуудагы электр чубалгысын тартууга жумшалат. Ушу тапта Баткен аймагынын 40 пайызы электр кубатын Тажикстандан алып жатканы айтылды. Эгер бул чубалгы тартылып бүтсө, Арка өрөөнү толугу менен энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болот.
Андан сырткары гранттык каражат жардамы каралган КР Өкмөтү менен Германия өкмөтүнүн ортосундагы 2013-2014-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө келишиминин жана өкмөт менен Германия өкмөтүнүн ортосундагы 2013-2014-жылдарга каржылык кызматташтык жөнүндө келишимдин долбоорлору да жактырылды.