Ош шаарында дайынсыз жоголгон жаранды куткаруучулар суудан издешүүдө

Ош шаарында дайынсыз жоголгон жаранды куткаруучулар суудан издешүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Фурманов көчөсүнүн 6-үйүнүн жашоочусу, 1959-жылы туулган Хабибулло Исмановдун жоголгону боюнча кабар бүгүн саат 9:00дө КР ӨКМнын Ош шаардык башкармалыгына түшкөн. Аталган мекеменин Куткаруу кызматынын куткаруучулары окуя болгон жерге саат 09:05те чыгышып, азыркы учурда издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүүдө. Каналдагы суунун көлөмү көп болгондуктан, издөө иштерин жүргүзүү кыйын болууда.

Хабибулло Исмановдун туугандары анын 2014-жылдын 27-майынан бери дайынсыз экенин билдиришүүдө. Ошондой эле анын кол телефонун жана кийимдерин суунун жээгинен тапкандыгын айтышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан