Жылнаама, 3-июнь: Мындан 73 жыл мурун Кыргыз музыкалык драма театры "мамлекеттик" деген статус алган

* Мындан 65 жыл мурун, 1949-жылы Эл аралык бокс ассоциациясынын жана Олимпиаданын калысы Бедалы Алымкулов төрөлгөн.
 
* Мындан 73 жыл мурун, 1941-жылы Кыргыз музыкалык драма театры "мамлекеттик" деген статус алган. Ал эми бир жылдан кийин Опера жана балет театры деп аталып калган.
* 42 жыл мурун, 1972-жылы экс-депутат, Аскар Акаевдин улуу кызы Бермет Акаева төрөлгөн.
 
* Мындан 229 жыл мурун, 1785-жылы Франсуа Бланшар тарабынан ойлоп табылган биринчи парашют Лондон шаарында сыноодон өткөн. Биринчи парашютчу катары ит сыналып, ал 300 метр бийиктиктен аба шарына байланып ыргытылган. Ит жерге аман түшүп, парашютту колдонууга жол ачылган.
* 53 жыл мурун, 1961-жылы Венада эки күндүк жолугушуунун негизинде СССР Министрлер кеңешинин төрагасы Никита Хрущёв менен АКШ президенти Жон Кеннединин сүйлөшүүлөрү башталган.
* Мындан 39 жыл мурун, 1975-жыл легендарлуу футболчу Пеле америкалык “Нью-Йорк Космос” футболдук клубу менен келишим түзүп ойной баштаган.
3-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан