Ош облусунун Ноокат районунда жол кырсыгы катталып, боюнда бар аял каза болду. Бул тууралуу ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгы бүгүн, 2-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, 1-июнь күнү саат 12:30 чамасында Мерседес-Бенц унаасы менен Опель Вектра унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен 10 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Ал эми 25 жаштагы кош бойлуу аял ооруканада каза болгон. Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.