Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин 2-июндагы жыйынында КРнын Өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жана аскер медицинасы жаатындагы кызматташуу протоколунун долбоору каралып, колдоо тапты. Муну ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, долбоор Кыргызстандын аскерлеринин Түркиянын медициналык мекемелеринде дарыланышына жол ачат. Тажрыйба алмашуу, алдынкы медициналык жабдууларды жана дары-дармектерди алуу жагы да каралып жатат.
Түркия жылына кыргызстандык 30 жаранга акысыз медициналык кызмат көрсөтөт.