Ноокат районунун Кара-Таш айылында 2-июнь күнү Ноокат билимканасынын жатаканасын түптөө үчүн атайын марафон өткөрүлдү. Бул тууралуу Кара-Таш айылынын тургуну Бексултан Орозматов билдирди.
Марафонго катышкан ЖКнын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров: “Биз укугубузду гана эмес, милдетибизди дагы мойнубуз менен сезишибиз керек. Ошондо гана өлкөбүз туруктуу өнүгөт”, - деди.
Жатакананы курууну Жаш ишкерлер ассоциациясы колго алып жатат.