Бүгүн эртең менен Базар-Коргон районунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 07:30 чамасында катуу жаап өткөн жаанга байланыштуу Кеңеш, Талды-Булак айыл аймактарында сел жүргөн. Кеңеш айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылында 30 кожолуктун там жана короо-сарайларын, ошондой эле Кара-Жыгач айылында 1 турак жайга суу кирип, 10 кожолуктун там жана короо-сарайларын сел суулары каптаган. Алдын ала алынган маалымат боюнча, адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Учурда сел калдыктарын тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.