Бишкекте "Кыргызстанды 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүү стратегиясын" кабыл алуу боюнча токтом кабыл алынды
Бүгүн, 14-январда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында "Кыргызстанды 2013-2017-жылга туруктуу өнүктүрүү стратегиясы" талкууланып, бир катар сунуштарды эске алуу менен аталган кеңештин токтомун кабыл алуу чечими чыкты. Буга жыйын катышуучуларынын баары кол көтөрүү тартиби менен бир добуштан колдоо көрсөтүштү. Сунуш айткан депутаттардын бири Өмүрбек Текебаев бул стратегияны ишке ашырууга көзөмөлдүк кылуу мыйзамдын негизинде жүргүзүлүшү керектигин билдирди.