30-май күнү саат 11:30 чамасында Кара-Суу районунда жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду. Бул тууралуу 2-июнда Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Араван районунун Чек-Абад айылынын тургуну, 59 жаштагы Анарбай Оморов өзүнүн Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү унаасын башкара албай, жолдун жээгинде турган 1972-жылкы Замира Салиева, 1971-жылкы Матлюба Раимжанованы жана анын 2 жаштагы кызын сүзүп кеткен.
Натыйжада жөө жүрүүчүлөр Замира Салиева жана Матлюба Раимжанова окуя болгон жерден каза болушкан. Ал эми эки жаштагы кыз денесинен алган жараатынан улам Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилген. Ошондой эле айдоочу Анарбай Оморов Ош шаардык ооруканасына жаткырылган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.