Ош облусунда жол кырсыгынан 4 күндүн ичинде 6 адам каза болду. Айдоочулар тарабынан жол эрежеси сакталбагандыктан, 30-майдан тарта 3-июнга чейинки мезгилде жол кырсыгынан 6 адам каза болсо,13 адам денелеринен ар түрдүү жарааттарды алышкан. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.