Жогорку Соттун Конституциялык палатасына сотторду тандоо сынагынын 3-турунан 5 талапкер өттү. Сынакка 12 талапкер катышкан. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев билдирди. Сынактан өткөн талапкерлер төмөнкүлөр: Максуда Оморова, Канатбек Үсөнов, Куванбек Кыргызбаев, Токтосун Сүйөркулов жана Өмүрзак Оморов.