Чүй облусунда жаңы төрөлгөн ымыркайды сатуу фактысы иликтенүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кечээ, 2-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын жаз айында Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары аялга жасалма маалым кат беришкен. Анда ал аялдын аталган айылда жашаары жана боюнда бар деп каттоого алынганы жазылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө ал аял башка ат менен төрөп, андан соң баласын бөлөк бирөөгө бергени аныкталган. Учурда кылмыш иши козголуп, баланы төрөгөн эненин жүргөн жери такталууда.