Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жүргүнчү ташыган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү керектигин айтты. Өкмөттө 2-июнда өткөн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссиянын жыйынында жүргүнчү ташуу менен алектенген жеке жана юридикалык жактардын жоопкерчилигин күчөтүүгө сунуш киргизүү тапшырмасы ИИМге, комиссия мүчөлөрүнө, өкмөттүк аппаратка берилди. Жол-кайгуул кызматына жол кырсыктарын азайтуу үчүн профилактикалык иштерди күчөтүү тапшырмасы берилгенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Комиссия мүчөлөрү Жол-кайгуул кызматына Бишкек шаарындагы автобекеттерде, "Ош базарынын" айланасындагы айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.