Аксы районунда жааган мөндүрдөн айыл чарба өсүмдүктөрү зыянга учурады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 3-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, 1-июнь күнү саат 21:00 чамасында аталган райондун Чү-Коргон айыл аймагында мөндүр жааган. Анын кесепетинен 156,6 гектар айыл чарба өсүмдүктөрү зыянга учураган (пахта, картошка, жүгөрү, коон, дарбыз). Мындан сырткары мөндүрдүн кесепетинен КРнын Чек ара кызматынын 20/27-аскер бөлүгүнө караштуу “Жийде-Сай” чек ара тозотундагы жоокерлердин жатаканасы, ашканасы, кампалары, жайкы тамак жасоочу жайларынын чатырлары зыянга учураган.