Алмазбек Атамбаев Түркияга иш сапары менен барды (фото)

2-июнда президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын жогорку жетекчилигинин чакыруусу боюнча Анкарага иш сапары менен барды. Мамлекет башчы Түркия президенти Абдулла Гүл менен жолугушат, эки өлкө ортосундагы стратегиялык кызматташуу боюнча Жогорку кеңештин отурумуна катышат. 

Эки өлкөнүн ортосундагы Жогорку кеңеш түрдүү тармактарда, анын ичинде экономикада, айыл чарбасында жана маданиятта ишке ашырылып жаткан эки тараптуу мамилелердин стратегиясын аныктайт.

Алмазбек Атамбаев Бодрум шаарында өткөрүлчү Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин IV саммитине катышат. Саммитке Түркиянын, Казакстандын, Азербайжандын президенттери дагы катышышат. Мамлекет башчылары өлкөлөр ортосунда түрдүү тармактарда, анын ичинде туризм чөйрөсүндө кызматташууну кеңейтүү маселелери талкуулана турганын президенттик аппараттан билдиришти. 

Аталган саммиттин жыйынтыгында тиешелүү декларацияга кол коюу күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан