Бишкекте "Ататүрк" сейил багындагы Малдыбаев көчөсүндөгү хан сарайлардын ээлери электр энергиясы үчүн болгон карыздарын төлөй башташты. Бул тууралуу “Түндүк электр” ААКсынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, “Түндүк электр” АККсы ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгына көз карандысыз изилдөө жүргүзүү жана тартип бузуучуларга тиешелүү чараларды көрүү үчүн өтүнүү менен материалдарды жиберген. Эске салсак, 2012-жылдын 15-декабрынан 24-декабрына чейинки электр энергиясын коротууну текшерүү боюнча рейд жүргүзүүдө "Ататүрк" сейил багындагы Малдыбаев көчөсүндөгү 23 хан сарайда электр колдонуу эрежелери бузулгандыгы аныкталган.