Бүгүн Ош шаарында "сууга агып кетти" делинип жаткан жаранды издөө иштери улантылат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 3-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, 2-июнь күнү саат 09:05 чамасында куткаруу кызматынан маалымат түшкөн. Анда 1959-жылы туулган Х.Исманов үйүнүн астынан өтүүчү Араван каналына агып кеткендиги жөнүндө айтылган. Издөө иштери жүрүп, бирок эч натыйжа берген эмес. Бүгүн дагы издөө иштери улантылат.