Бүгүн, 24-октябрда Амир-Темир
кичишаарчасында салтанаттуу түрдө жаңы бала бакчанын пайдубалынын курулушун Ош шаарынын мэри
Мелисбек Мырзакматов өз колу менен баштап берди. Бала бакча 95 орунга
ылайыкташтырылган. Шаар башчысынын
айтуусунда, Амир-Темир кичирайонунда жок эле дегенде 5
балдар бакчасы курулушу керек. М.Мырзакматов 2013-жылдын
сентябрь айына чейин дагы бир бала бакчанын курулушу баштала
тургандыгына убада берди.