Коомдук жайларда чылым чегүү тууралуу мыйзам аткарылбай жатканын бүгүн, 14-январда ЖКнын депутаты Эсенгул Исаков комитет жыйынында айтты. Ошондой эле жыйында коомдук жайлардагы тазалыкты сактоого байланыштуу “КРнын административдик жоопкерчилиги тууралуу Кодекске өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү” сунушу айтылды. “Чылым чегүү боюнча маселени парламент жыйынына алып чыгуу керек. Негизи, адамдар таза жерди булгабайт, уяты ага жол бербейт, бирок эч качан тазаланбаган, булганыч жерге тамекинин калдыктарын таштап жатышат”,- деди Исаков.