"Кумтөрдүн" ишин токтоткон жетекчилерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгеси бүгүн, 3-июнда ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинде 2-окууда каралууда. Мыйзам долбоорун депутат
Өмүрбек Текебаев демилгелеп чыкты. Мыйзам долбоору парламентте 1-окууда колдоого ээ болгон эле.
Айта кетсек, аталган мыйзам долбооруна ылайык, эгерде ишкананы улутташтыруу процесси башталса, “Центерра” “Кумтөрдүн” иштөөсүн токтотуп, Кыргызстандан чыгып кете албайт. Башкача айтканда, ишкананы токтоткон тараптын жетекчилери 10-15 жылга эркинен ажыратылмакчы.