Бишкекте "44 жаштагы жаранды тоногон" деген шек менен 35 жаштагы айым кармалды

Бишкекте "44 жаштагы жаранды тоногон" деген шек менен 35 жаштагы айым кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-июнда билдирди.

Маалыматтарга караганда, милиция бөлүмүнө 1967-жылы туулган Канзаада аттуу айым кайрылып, "Аламүдүн" базарынан белгисиз адамдар күч колдонуп алтын сөйкөсүн тартып алгандыгын айткан. Ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 1979-жылы туулган Татьяна аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган. Иликтөө иштери уланууда.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aida2013
2014-06-03 13:49:43
аял башы менен ушундай кылмышка барса заман эмне болуп баратат.башка жумуш кылып жанын бакса болбойбу .....
0
nurgul-92
2014-06-03 15:00:03
Илгери чон ата чон апаларыбыз бир нерсе болсо дароо эркек балдардан шекшичи екен,азыр кимден шекшишинди деле билбейсин,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан