Токтогул районунда мал арасында оору чыгып, 100гө чукул кой өлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 3-июнда билдирди.
Алсак, бүгүн саат 08:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кетмен-Төбө айыл аймагынын башчысы Совет Жээналиевдин КРнын ӨКМнын Токтогул райондук бөлүмүнө телефон аркылуу берген маалыматы боюнча, айыл аймагындагы жайыттардан болжол менен 100 баш кой өлгөн. Азыркы учурда болжол менен 7000 баш койго эмдөө иштери жүргүзүлгөндүгүн кошумчалаган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, өлгөн койлордун эмне оору менен ооругандыгы азырынча тастыктала элек. Бирок койлордо кара өпкө оорусу чыккандыгы айтылууда.