Декларация: Феликс Кулов былтыр 1 миллион 238 миң сом иштеп тааптыр

Жогорку Кеңештин депутаты Феликс Кулов парламенттен 2013-жылы 1 миллион 238 159 сом маяна алганын тапшырган декларациясында көрсөттү. 200 чарчы метр жерди ээлеген үйгө ээлик кылат. Кулов “Технолайн” компаниясынын 25 пайыздык акциясына ээлик кылары айтылды.

Куловдун жакындары былтыр 1 миллион 237 025 сом киреше табышса, алардын кыймылсыз мүлктөрү булар: 500 чарчы метр жерди ээлеген имарат, 351 чарчы метр аянтты ээлеген үй, 57,9 чарчы метр жерди ээлеген батир, 2031 чарчы метрлик жер тилкеси. Автоунаасы: 2006-жылы чыгарылган Тойота Прадо. Алар “ММК Плюс Кредит” компаниясынын 90 пайыздык акциясына, “Алан Сервис Строй” компаниясынын 90 пайыздык акциясына ээлик кылышат. 

Куловдун 2012-жылдагы кирешесин бул жактан көрө аласыз. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан