Базар-Коргондо катуу жааган жамгырдын айынан көпүрө жараксыз абалга келди

Базар-Коргондо катуу жааган жамгырдын айынан көпүрө жараксыз абалга келди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 3-июнда билдирди.

2-июнда саат 18:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Көкчөгөз жана башка айылдарды Базар-Коргон району менен байланыштырган жөө адамдар өтүүчү темир көпүрөнүн таянычын суу жеп, түндүк чыгыш жагына ооп калып, адам өтүүгө кыйынчылык жаралган. Азыркы убакта Базар-Коргон айыл аймагы жана ИИБ тарабынан күзөт уюштурулган. Айылдардын тургундары бузулган көпүрөдөн 1,5 чакырым аралыктагы Бишкек-Ош унаа жолундагы райондун борборундагы көпүрө менен өтүшүүдө.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан