Чат-Базар-Талас жол курулушу үчүн Сауд Арабиясынын Өнүгүү фонду 10 миллион доллар насыя берет

Сауд Арабиясынын Өнүгүү фонду Кыргызстандагы Чат-Базар-Талас унаа жолунун курулушуна 20 миллион доллар насыя берет. Бул тууралуу 14-январда парламенттин Эл аралык мамлелер боюнча комитеттин жыйынында КРнын Транспорт жана байланыш министринин статс-катчысы Максатбек Дыйканов билдирди. 

Анын айтымында, Ислам Өнүктүрүү банкы 25 жылга 1 пайыздык өлчөм менен 10 миллион доллар, ал эми Сауд Арабия Өнүгүү фонду 25 жылга 2,5 пайыз өлчөмүндө 10 миллион доллар насыя берет. “Учурдагы Чат-Базар-Талас унаа жолунун курулуш ишине үчүнчү жолу долбоор түзүлүп жатат. Аталган иш-чара 2014-жылдын аянварь айында башталат”,- деди Дыйканов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан