Өмүрбек Текебаев Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунун "Кыргызгазга" тиешеси болбой турганын айтты

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 3-июндагы жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев демилгелеп чыккан "КРнын Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттеги стратегиялык мекеменин ишин токтоткон жетекчилерди 12-15 жылга чейин эркинен ажыратуу жагы каралууда. Депутаттар бул мыйзамдын "Кыргызгазга" тиешеси болор же болбосун сурашты эле, Өмүрбек Текебаев мыйзам долбоору бир гана "Кумтөргө" тийиштүү экенин айтты. Комитет аталган демилгени 2-окууда колдоого алды. 
Айта кетсек, аталган мыйзам долбооруна ылайык, эгерде ишкананы улутташтыруу процесси башталса, “Центерра” “Кумтөрдүн” иштөөсүн токтотуп, Кыргызстандан чыгып кете албайт. Башкача айтканда, ишкананы токтоткон тараптын жетекчилери 10-15 жылга эркинен ажыратылмакчы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан