Жогорку Кеңештин депутаты Абдыманап Кутушев былтыр негизги иш ордунан 786 707 сом маяна алган. Маалымат депутаттын тапшырган декларациясынан алынды. Анын кыймылсыз мүлктөрү: 235 чарчы метр жердеги үй, 65 чарчы метр аянтты ээлеген батир, 4,28 гектар жердеги кыймылсыз мүлктүн башка түрлөрү. Автоунаасы: 2009-жылы чыгарылган Тойота Лэнд Крузэр.
Кутушевдин жакындары 2013-жылы 3 миллион 106 773 сом киреше табышкан. Алар 2 батирге (аянттары 130 жана 80 чарчы метр), 8 сотых жер тилкесине ээлик кылышат. Автоунаасы: 2007-жылы чыгарылган Хонда CRV.