“Коррупциянын алдын алуу боюнча парламентте мыйзам жок”,- деп билдирди депутат Бактыбек Калмаматов 3-майда ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында.
“Мен президенттин коррупция менен күрөшүү демилгесин 100 пайыз колдоого алам. Бирок ал туура эмес жүрүп жатат. Күрөштү этап-этап менен деп баштады. Бирок коррупция токтогон жок. Коррупцияга бөгөт коюш үчүн анын алдын алуу керек”,- деди Калмаматов.
Депутат коррупция менен күрөш бардык жарандар үчүн тегиз жүрбөй жатканын кошумчалады.