Орусиялыктар Кыргызстанды Мисир, Түркия, Шри-Ланка, Таиланд сыяктуу туристтик өлкөлөрдүн катарына киргизишти (фотолор)

Орусиянын белгилүү сайттарынын бири Кыргызстанды Мисир, Шри-Ланка, Таиланд, Мальдив аралдары, Марокко, Тунис жана башка визасыз эс алууга мүмкүн болгон туристтик өлкөлөрдүн катарына киргизди. Ал тургай орусиялык Михаил Шмелёв аттуу мырза май айында атайын Кыргызстанга келип, 14 күн жүрүп, фоторепортаж жасап кетти. Анын бул эмгегин бүгүн, 3-июнда орусиялык маалымат каражаттары жарыялашты.
"Биздин май айындагы Кыргызстанга болгон сапарыбыз байсалдуу болду. 14 күн жүрдүк. Бирок бир күнүбүз экинчисине такыр окшошподу. 
Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Суусамыр сыяктуу кооз жерлерине бардык. Чокуларын ак кар баскан бийик-бийик тоолоруна чыктык. Өлкөнүн бермети деп саналган Ысык-Көлдө болуп, анын добушун уктук. Боорукер, меймандос калкынын сыйын көрдүк. Эс алууга ылайыктуу кооз өлкө экен. Таанышып алгыла!"- деп Михаил Шмелёв өз сезимдери менен бөлүшүп, 77 сүрөттөн турган фотоотчётун элге сунуштады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (37)
dkanu
2014-06-03 23:17:18
Орустар ушул кооздуктарга коз арттырышканда, ошон учун акырындап ээлеп алгысы бар. А биздин неграмотный президент буларды иштетишти каалабайбы, билбейби. Ичин куйуп кул болот. Кыргызстаным кудайым буйруса кен келечек кутуп турат. Кыргызстаным менин.
+4
Mir.mir
2014-06-04 00:47:01
Кыргызстаным сыймыгым, Ыссык-Колум ыйыгым журогум дайым силер менен...
+2
nurkojo
2014-06-04 01:31:24
Аллах берген кооз жайлар шугурлор келтирип биримдикте болуп ушул Ата Мекенибизди коргоп калалы...
+4
tolkun85
2014-06-04 03:03:41
кыргызстандын келечеги алдыда алгааа КЫРГЫЗСТАНЫМ!!!!
0
tolkun85
2014-06-04 03:06:03
чынын айтканда бийликтегилер жакшы болушса кыргызстан эчак еле алга жылып оннукон мамлекеттердин катарына кирмек
+1
aidai88
2014-06-04 08:05:58
Бар нерсенида эптеп тартып,кантип суротко алышта.Кээ бир адамдар ишенбей турган кылып тартыптыр.Коргон адамга апаратта эмес,адам оз кыялындагы жомоктогудай табиятты кыл калемде чагылдыргандай элестер. Бирок жараткан эгеме чексиз ыраазылык болсун.Бул менинин Мекеним Кыргызыстан!!!
0
kalbek87
2014-06-04 08:23:10
оо керемет жерлерибиз бар экен го, жомоктогудай
+1
alinevajnokg
2014-06-04 09:31:43
суроттор укмуштудай чыккан кыргыз жерибиз аябай кооз...
+1
bai.kymbat
2014-06-04 10:14:29
Абдан кубанычтамын!
0
Likvidator
2014-06-04 11:03:03
Фотографка чондон-чон рахмат! Соз менен жеткире алгыс сулуулукту суротторго баткырыптыр. Кыргыз болуп туулуп, Кыргыз жеринде жашаганыма сыймыктанам! Бул суроттордо жер бетинен бейиш жери чагылдырылыптыр!
0
koshmatov
2014-06-04 15:57:42
кыргызстандын кандай гана кооз жерлери бар э
0
Akyl-ai
2014-06-04 18:00:23
oturam bir evropanyn burchunda, bir bibliothekasynda... bul surottordu korup alyp zhurogum eezilip ketti...
Baaryn tashtap kettip kalgym kelet... birok, birok BIROK degen sozdor toktotot...
Surottogu bajbichesinin zhanyndagy Kenesh ava bizdin oshuna ajyldan bolot, kandaj zhyluu zhuzdor...Sagynuu, toolordu, erten menenki taza abany, shudurum baskan choptordu, karagaj kaptagan tumandy, shuuurudaj tizilgan tashtarybyzdy...
Sujom seni zhanam menin YSYK-KOL
+1
demo009
2014-06-04 22:53:36
Ошко да барып Сулайман тоону тарта кетсе болмок экен,Кыргызстан өзү сулуу да.
0
mekusha
2014-06-05 00:46:28
Кандай сонун уйго кетким кеоип кеттиго(((( Молодцы
0
kuba-kj
2014-06-06 21:53:51
Элдер эмне десе ошо десин Кыргыз жерин эч кандай башка жер менен тенеп болбойт. Соз менен айтып буткус, мактап буто алгыс кыргыз жерим. Кыргызстанды Кыргызстан кыла турган адамдар оз комочторуно кул тартып отурушат, комочторун олгондо кошо алып кетише тургансып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан