Бүгүн, 14-январда, Апрель окуясына байланыштуу жүрүп жаткан сот отурумунда УМККнын мурдагы башчысы Мурат Суталинов 2010-жылы 7-апрелде аны Ак үйдөн Роза Отунбаеванын, ал эми УМККнын мекемесинен Кеңешбек Дүйшөбаевдин кишилери чыгарганын айтты. Анын айтымында, Роза Отунбаева өзү УМККнын мекемесине аны Кеңешбек Дүйшөбаевге документтерди өткөрүп берүү үчүн алып келген. “Кийин Дүйшөбаев өз кишилерине мени УМККнын имаратынан чыгарууга буйрук берген. Алар мени Жибек Жолу көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишине калтырышты. 9-апрелге чейин үйдө болдум, мага жана менин үй-бүлөмдүн коопсуздугуна коркунуч туулганда жашырынууга аргасыз болдум”,- деди Муратбек Суталинов сот залында берген сурагында.