“Кылмыш-жаза кодекси баарына бирдей иштебей жатат” дейт Өмүрбек Текебаев

Парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 3-июндагы жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев: “Кылмыш-жаза кодекси баарына бирдей иштебей жатат. 200 миллион долларга байланышкан кылмышы үчүн "Кыргыз алтындын" жетекчиси Дилгер Жапаровдун жарасы жеңил болуп калды”,- деп билдирди.

Айтымында, Дилгер Жапаров “Центерранын” Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп турганда 200 миллион доллар дивидендди өкмөт менен кеңешпей туруп Канада тарапка которуп жиберген. Бирок учурдагы мыйзам боюнча бул нерсе майда кылмыштардын катарына кирип калары айтылды.

“Эмне үчүн миллион доллар уурдаган "Кумтөрдүн" жетекчилери 20 миң сом айып пул төлөшү керек? Мыйзамдын алдында баары бирдей, ар бир адам жасаган кылмышына жараша жооп бериши зарыл”,- деди Текебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан