Жоомарт Оторбаев "Кара-Жыгач" сейил багындагы мыйзамсыз курулуштарга нааразы болуп, анын чек араларын тактоого буйрук берди (фоторепортаж)

Бүгүн, 3-июнда премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов иш сапары менен "Кара-Жыгач" сейил багында болушту. Иш-чарада аталган бактын бир топ жери сатылып кеткени айтылды.

Өкмөт башчынын айтымында, "Кара-Жыгач" сейил багын 1881-жылы ботаник А.Фетисов түптөгөн. “Башында аянты 215 гектар болгон. 1990-2000-жылдары жер тилкелери жеке менчикке мыйзамсыз берилип, сейил бактын 130 гектары гана калган. Бирок ушул аянтты да бүгүнкү күнү басып алышууда”,- деди премьер-министр.

Андан соң Бишкектин мэри К.Кулматовго сейил бактын чек араларын тактоого 2 айлык мөөнөт берди. 

“Ушул убакыттын ичинде жумушчу топту түзүп, берилген буйрукту аткарууга аракет кылабыз. Мындан тышкары жер тилкелерин мыйзамсыз сатып жибергендер жоопкерчиликке тартылышат”,- деп жооп берди Кулматов.

Мындан кийин алар сейил бак аймагынан жер тилкелерин сатып алгандар менен жолугушту. Оторбаев жергиликтүү тургундардын маселеси мыйзамдуу түрдө чечилерин белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан