2013-жылы Кыргызстандын Катар мамлекетинде элчилиги жана Кытайдын Гуанчжоу шаарында консулдугу ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев билдирди. Анын айтымында, чет өлкөлөрдө дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачууга сарптала турган чыгым 2013-жылдын бюджетине киргизилген.