"Баткендин жайлоолорун Тажикстандын жарандарына ижарага берүүнү жергиликтүү эл менен сөзсүз макулдашабыз",- деп билдирди бүгүн, 3-июнда өкмөттүн чек арадагы делимитация маселеси боюнча атайын өкүлү
Курбанбай Искандаров. Анын билдиришинче, кыргыз тарап жайыттын 1 гектары үчүн 15 доллар ижара
акы сураса, тажик тарап 12 доллар сунушташты.
"Канча малы бар экенин жана канча гектар жайыт керектигин өздөрү билишпейт. Бул боюнча дагы такташабыз. Кайсы жерден, канча гектар жер берүүнү жергиликтүү тургундар менен бирге чечебиз. Келишим бир жылга түзүлөт. Быйыл ижарага берилген жайлоо кийинки жылы берилбейт, башка аймактан беребиз",- деп билдирди Искандаров.