Жыл башынан бери өлкөдө 2687 жол кырсыгы катталып, 332 адам каза болду

Жыл башынан бери өлкөдө 2687 жол кырсыгы катталып, 332 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнь күнү Республикалык жол-кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыктарынын кесепетинен 3827 адам денесинен ар кандай жарааттарды алышкан.

Ал эми өткөн жылдын алгачкы 5 айында 2412 жол кырсыгы катталып, 371 адам каза болгон. 3452 адам ар кандай жарааттарды алышкан.

Жол кырсыктарынын көпчүлүгү айдоочулардын жол эрежелерин сактабагандыгынан келип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Akabai
2014-06-03 13:32:05
Аллахым озун кырсыктан сактай кор, аябагандай эле коп корсоткуч жыл башынан бери
0
aza_74
2014-06-03 18:43:56
Жол кырсыгын азайтуу -негизги маселе катары Окмот чара колдонбойбу? тынымсыз теле беруулордон радиодон жол эрежесин сактоого чакырыктарды тынымсыз берип, таасирлуу видеороликтерди тартып, азайтууга арекет кылбаса,кунуно 2-3 адам бейажал каза болуп атпайбы.Кичинекей Кыргызстан учун ал корсоткуч ото эле коп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан