“Центерра” тоо иштеринин планы бекитилбесе, “Кумтөрдүн” иши токтой турганын билдирди

“Центерра” компаниясы 2014-жылга “Кумтөр” долбоору боюнча тоо иштеринин планын бекитүү аракеттерине карабай КРнын тиешелүү органдарынан мындай бүтүм жана уруксат алынбаганын жарыялады. Ага уруксат алуу чечими 13-июнга чейин кабыл алынбаса, “Центерра” компаниясы “Кумтөр” кенинде ишти токтотуу процедурасын баштоого ниеттенүүдө. Мындай билдирүүнү бүгүн, 3-июнда аталган компаниянын маалымат кызматы таратты.  

“Быйыл бир нече ирет документтерге жана жогорку кызматтагы адамдар менен болгон талкууларга карабай мындай уруксат берилген жок. Мындай бекитүүлөрдүн жана уруксаттын жоктугу "Центерра" компаниясы үчүн жана анын кызматкерлерине олуттуу коркунуч жаратат”,- деп жазылат билдирүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан