Самир Осмоналиев өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы болуп дайындалды. Өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 3-июнда билдиргендей, тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койду.
Осмоналиев буга чейин өкмөттүк аппараттын агроөндүрүш комплексин өнүктүрүү бөлүмүн жетектеп келген.