Ош шаардык соту облус башчы Сооронбай Жээнбековго тагылган айыптарды жокко чыгарды

Ош шаардык соту облус башчы Сооронбай Жээнбековго тагылган айыптарды жокко чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда облустук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, облус башчыга Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров доомат коюп, Жээнбековдун мамлекеттин эсебинен 3 миллион долларды өз кызыкчылыгына пайдаланганын айткан. Сооронбай Жээнбеков аброюна шек келтиргенин айтып, Ош шаардык сотуна кайрылган. Келтирилген моралдык зыян үчүн андан 1 миллион сом өндүрүп, өндүрүлгөн акчаны Өзгөн районундагы жетим балдардын жатак-үйүнө которууну суранган.

Ош шаардык соту бул ишти С.Жээнбековдун пайдасына чечти. Келтирилген моралдык зыян үчүн Капаровго 100 миң сом төлөтүү, аны Өзгөн районундагы аталган жатак-үйгө которуу чечими чыкканы белгилүү болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан