“Жарандардан күч колдонуп уюлдук телефонун тартып алып жүргөн” деген шек менен 2 жаран кармалды. Мындай маалымат Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы тарабынан бүгүн, 3-июнда билдирилди.
Маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынын Арген аттуу тургунунун уюлдук телефонун Фрунзе-Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар күч колдонуп тартып алышкан. Бул кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Сапар аттуу жаран кармалган. Иликтөөдө кармалган жарандын ушул сыяктуу үч кылмышка тиешеси бар экендиги ачыкталган.
Ошондой эле Далер аттуу жарандын уюлдук телефонун Толстой көчөсүнөн белгисиз адам күч колдонуп тартып алган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында шектүү катары 1996-жылы туулган Үмүт аттуу жаран кармалып, анын да башка 2 кылмышка тиешеси бар экендиги маалым болгон. Учурда жогорудагы кылмыш иштери боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат.