Кара-Балтадагы "Жунда" заводу сентябрь айында кайрадан иштеп баштайт

Кара-Балтадагы "Жунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун сентябрь айынын аягында ишке киргизүү пландалып жатат. Муну бүгүн, 3-июнда вице-премьер-министр Валерий Диль мунай заводуна барганда заводдун өкүлдөрү айтышты. Муну өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Валерий Диль Кытай менен биргелешип курулуп жаткан курулуш дээрлик аяктап калганын жана аталган заводду чийки зат менен камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди”,- деп айтылат билдирүүдө. 

Эскерте кетсек, аталган завод буга чейин иштөөнүн алгачкы этабын баштап, бирок жергиликтүү тургундардын "завод абаны булгап, ден соолукка зыян келтирүүдө" деген дооматынан кийин убактылуу токтотулган эле.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан